Глобалдык перспектива-5

Глобалдык актерлор аркылуу аймактык кризистер эмне үчүн чечиле албайт?

Глобалдык перспектива-5

Глобалдык актерлор аркылуу аймактык кризистер эмне үчүн чечиле албайт?

Проф. др. Кудрет Бүлбүл

Өткөн аптада глобалдык актерлор менен аймактык кризистердин чечиле албай турганына кыскача токтолгонбуз. Бүгүн бул теманы тереңдетебиз.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Жакынкы тарыхта, глобалдык актерлордун же болбосо дүйнөлүк актерлордун жол башчылыгында түзүлгөн эл аралык коалициялар кийлигишкен эч бир жерде бул өлкөлөргө ырааттуулук келген жок. Тескерисинче глобалдык актерлордун кийлигишүүсүнө дуушар болгон аймактарда ыраатсыздыктын туруктуу болгонун айтканбыз. Бул өлкөлөр көбүнчө дагы көп өлүм, көз жашы, чоң көчтөр, экономикалык кризистер менен бетме-бет келип жашалгыс абалга айланышкан.

Жакынкы мезгилде глобалдык актерлор активдүү түрдө орун алган кризистерге ылдам көз чаптыруу, бул ачуу чындыкты ачыкка чыгарат.

Советтер Союзу тарыхта калды. Бирок СССРдин басып алуусу менен башталган Ооганстан кризиси, болуп өткөн ошончолук көп кайгыга карабастан дагы деле уланууда.

Ооба, Саддам диктатор болчу. Саддамдын кысым көрсөтүүчү башкаруусунун астында абдан көп жабыркоолор болду. Бирок глобалдык актерлордун кийлигишүүсү менен Ирактын дуушар болгондорун көргөндөн кийин балким ирактыктардын канча пайызы Саддам башкарган Иракты эмей эле азыркы Иракты тандайт эле?

Глобалдык актерлордун кийлигишүүсү менен бөлүнүп-таланган Ливиянын келечеги темасында ливиялыктар канчалык үмүттөнүшөт?

Же Сириячы? Өлкөдө жашагандардын дээрлик толугу жеринен ажыраган, жүз миңдеген адам өлтүрүлгөн, цивилизациянын бешиги Дамаск, Халеб (Алеппо) сыяктуу шаарлары эми таанылгыс абалга айланган Сирияда, глобалдык актерлордун кийлигишүүсү менен ким кандай келечекти көздөй алат?

Ооганстанда ондогон жылдарга созулган согуштун себебинен эң чоң чыгымды төлөгөн Пакистан учурда АКШнын коркутуулары менен, мурдагы жылдарына салыштырмалуу дагы көп кризиске туш болгон абалда.

Адамзаттын эң жөндөмдүү лидерлеринен Алия коркуттуу, шантаж жана орундалбаган убадалар менен кол коюуга аргасыз болгон Дайтон келишими, Босния мусулмандарына канчалык тынчтык берди дейсиздер? Босниялык мусулмандарды тобу менен көрүстөндөрүнө көмгөн серб мыкаачылар, эл аралык согуш кылмыштары соту тарабынан камалды, бирок Босния-Герцеговина, серб, хорват жана босняктардын арасында бөлүнүп кадам ташталгыс өлкөгө айландырылган.

Мьянманын үйлөрүн өрттөп, өлтүрүп, көчүүгө мажбурлаган рохинжа/аракан мусулмандарынын трагедиясы азырынча Бангладешке баш калкалоосу менен басаңдады. Алыстыгынын себебинен батышка келе албагандары үчүн эл аралык коомчулуктун же глобалдык актерлордун көңүлүн бурган жок. Алардын көңүлүн бурганда деле алар үчүн дагы адилеттүү чечүүчү жол табылаары күмөн болуп турат.

Акыркы бир кылымдык процессте глобалдык актерлордун кийлигишүүсү менен Палестинанын келип жеткен жери белгилүү. Израилдин басып алуусу менен жерлери күн өткөн сайын азайган Палестина жана эркиндик аянттары күн өткөн сайын тарытылып, барган сайын жарым ачык абак шарттарында жашаган палестиналыктар...

Тилекке каршы жогоруда белгиленген кризистиердин бардыгы мусулман аймактары дуушар болгон кризистер. Бул абал айрыкча ачыкталууга, талкууланууга муктаж.

Глобалдык актерлордун кийлигишүүсү менен маселелер эмне үчүн туруктуу абалга айланууда?

Бул абалдын балким эң негизги себеби глобалдык актерлор ээ болушкан аң-сезим болсо керек. Эл аралык саясатка принцип, адилеттик, укук, баалуулук индекси менен эмес, кызыкчылык индекси менен карагандары болуп жатат. ЕБнин Түркия боюнча репортеру айым Кати Пиринин бул аптада жарыялаган, 40 миң кишинин мыкаачысы болгон террор уюму ПККнын өздөрү үчүн коркунуч туудурбаганын билдириши бул көз карашты так түрдө айгинелеп турат. Бул көз караш, өзүнө кол салмайынча террор тууралуу эч кандай санааркоо, кооптонуу, шектенүүсү болбогон адамзаттын атынан капага салуучу мамиле болуп эсептелет. Бул мамилеге биздин цивилизациябыз көнгөн эмес. Биз эч бир маселеге империалисттик көз караш менен карабайбыз. Өз кызыкчылыктары үчүн эч бир өлкөнү тааныбаган, максатка жетиш үчүн ар түрдүү ыкманы колдоно алган, ар түрдүү манипуляцияны жасай алган көз карашты жактыра албайбыз. Биздин цивилизациябызда согуштун да эрежеси бар. Эрежени согуштун инструментине айландырган эмес, согушка укуктук чек чийген, бирок ошол чектерде согушту мыйзамдуу деп караган көз карашка эгедербиз.

Баалуулук/адилеттик индекстүү эмес, максатка жетиш үчүн эч бир чек билбеген, кызыкчылыкка индекстелген тышкы саясат түшүнүгүнө ээ болгон глобалдык актерлордун жогорудагы маселелерге, аймагыбыздагы кризистерге мамилеси да шексиз ушул алкакта болуп жатат.

Бул алкакта глобалдык актерлор аймагыбызда кризистердин так эле булагы, алып келүүчүсү болушу мүмкүн. Глобалдык актерлор бири-бирилерине зыян тийгизиш үчүн көп кездешилгени сыяктуу аймактык кризистердин колдоочусу болушу мүмкүн. Аймак өлкөлөрүн, адамдарын имеприалист максаттары багытында башкаларына зыян тийгизиш үчүн кочкордун мүйүзү сыяктуу колдонууну каалаган боло алат.

Глобалдык актерлор, өздөрү чыгарбаса дагы болуп турган кризистердин узарышын каалашат, бул багытта саясаттарды өнүктүргөн боло алышат. АКШнын Сириядагы мамилеси абалды так көрсөтүп турат.

Глоабалдык актерлор чоң көлөмдөгү куралдарды сатууларынын себебинен, аймактык кризистер жагынан соодалык мүмкүнчүлүк көрө алышат.

Бир тараптан глобалдык актерлор, аймактык кризистердин себептери менен келип чыккан жапа чегүүлөрдөн дээрлик эч таасир алган жери жок. Кризистердин оор чыгымдарын аймак өлкөлөрү төлөп жатышат.

Глоабалдык актерлор аймакта калышпайт. Аймак калкатырынын ортосуна таштала турган касташуулардан эч таасир алышпайт.

Жогоруагы ачыкталган себептер менен аймактык кризистердин алдында эң оболу чечим табыш үчүн, эч бир чыгым төлөбөй турган эл аралык эмес, аймактык коалициялар изделиши керек.

Шексиз маселелер жалгыз гана глобалдык актерлордон келип чыкпайт.  Негизинен көбүнчө кризистердин булагы жана глоабалдык актерлордун кийлигишүүлөрүн себептери аймак өлкөлөрүнүн жаңылыштыктары болгону өзүнчө бир макала темасы болот. Мен аймактык кризистердин чечилишинде жүргүзүлүшү керек болгон ыкмадан же болбосо жүргүзүлгөн жаңылыш ыкманын жыйынтыктарынан сөз кылуудамын.

Чечүүчү жол аймактык деңгээлде изделмейинче глоабалдык актерлордун тирешүүсүнөн аймак өлкөлөрү зыян тартышат/ тартышууда.

Коңшу өлкөлөрдүн жайылуучу, секталык, жикчил саясаттарына карай абдан акылуу сындоолорубуз болушу мүмкүн. Аймак өлкөлөрүнүн бул саясаттарынын себебинен аймактык чечүүчү жол издөө аракеттери укуктуу түрдө ыза кылат. Бирок жогорудагы мисалдарда болгону сыяктуу аймактык маселелерге глобалдык актерлордун кийлигишүүсү, аймактагы кризистерди чечпей эле, кризистерди дагы да тереңдетүүдө. Дагы туруктуу абалга айланган кризистер аймак өлкөлөрүн эл аралык кийлигишүүлөргө дагы ачык абалга келтирүүдө. Бул абал да миң жылдан бери чогуу жашаган, бир аймактын балдарын бири-бирине дагы көп көкүтүүдө, жашаган жерлерин толугу менен баасыз кылууда. Ушул себептен аймактык кризистердин, кандай чыгымдары бар болсо болсун, аймак өлкөлөрү менен чечилиши үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр акырына дейре жумшалышы зарыл.

Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.

 



Тектеш кабарлар