Европанын кризиси

Глобалдык перспектива-8

Европанын кризиси

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Европанын кризиси

Бир ойлоп көргүлөчү, сиз жашаган өлкөдө беш христиан же жөөт өрттөлүп өлтүрүлсө дүйнөнүн каршылыгы кандай болоор эле? (Францияда атайылап өрттөөнүн себебинен 2017-жылдын 2-октябрында 3ү түрк бала болуп жалпы 5 мусулман көз жумду). Же болбосо өлкөңүздөгү чиркөөлөргө, синагогаларга жыл сайын ондогон кол салуу болсо, өрттөлсө? (Германияда 2015-жылдын акыркы чейрегинде мечиттерге 24 кол салуу болду.  http://gocvakfi.org/almanyada-cami-saldirilari/).

Эч бир өлкөдө мындай окуянын болушу албетте кааланбайт. Бул суроону сурагандын өзү эле адамды кайгыга салат. Бирок ушундай окуялар сиз жашаган өлкөдө болгондо өлкөңүздүн кооптуу экендиги, укук жана эркиндик бузулуулары, түрдүү жашоо шарттарынын коркунучта экени бүткүл дүйнөгө угузулуп, бардык адамдардын аң-сезимдерине сиңдирилмек. Сиз да уялып башыңызды көтөрө алгыс абалга келмексиз. Бирок кабатыр болбоңуздар, бул окуялар сиздин өлкөңүзгө эмес Европа өлкөлөрүндө болууда. Ошондуктан дүйнө дагы, сиз дагы байкабай элесиз!

Баалуулуктарды жараткан Европа

Европа жакынкы мезгилге чейин мындай эмес болчу. Өзгөчө Экинчи дүйнөлүк согуштун кайгылуу тажрыйбасы менен, кызматташууга, эки тараптуу түшүнүшүүгө, бөлүшүүгө басым жасаган Европа бар эле. Бул оң көз караш жана күн тартиптен улам Европа жаралды. Европа Биримдиги да ушундай эле оң күн тартип жана кызматташуунун негизинде керек болсо өзүнүн ичинде жана керек болсо аймагында фашизм, нацизм сыяктуу бөлүүчүлүк мамилелердин токтотулушу, демократиялык баалууктарга колдоо көрсөтүү, адам укуктары, мыйзамдын үстөмдүгү, коомдук жана экономикалык эркиндиктердин өнүктүрүлүшү сыяктуу тармактарда өтө маанилүү кадамдарды таштады. Учурда болсо бул баалууктарды бир-бирден жоготуп жатса да Европа Биримдигинин жакынкы мезгилде бул баалууктарга салымы анык. Чындыгында Жорж Фридман «Европа кризиси» аттуу эмгегинде, 1945-жылдан 1991-жылга чейин Европанын жетишкендиктерин, Европа менен эмес, АКШ жана Орусиянын Европага тынчтыкты мажбурлоосу менен түшүндүрсө да мен бирдей пикирде эмесмин. Европанын кайгылардан сабак алып дагы принциптүү саясаттарды жүргүзгөнүн жана аймагына оң салым кошконун танууга болбойт.

Ичине көмүлгөн, коркууларына багынган, коркунуч өндүргөн Европа

Ал эми келип жеткен жерде тилекке каршы мындай Европа жок. Күн өткөн сайын чет элдикке каршы чыгуунун, мигрантка душмандык күчөгөн Европа бар. Фашист жана нацист партиялар барган сайын добуштарын көбөйтүүдө. Жикчил партиялар бийликтин өнөктөшү абалында. Акыл-эстүү лидерлер барган сайын азайып, көз карашы болбогон лидерлер барган сайын көбөйүүдө. Ар башка жашоо формаларына, алардын ибадатканаларына болгон кол салуулар эми көнүмүш эле окуяга айланып, кабар болуу баалуулугун жоготту.  Коомдук пикирди изилдөөлөр күн өткөн сайын мигранттар өздөрүн дагы көп четке кагылгандарын ортого салууда.

Саясий партиялар, өлкөнү дагы жакшы жерге жеткире тургандары боюнча оң күн тартип менен эмес, мигранттарга каршы айтымдар менен бийликке келүү аракетинде. Австрия мисалында болгону сыяктуу «эч бир баш калкалоочу киргизбөө» уабадасы менен бир партия бийликке келе алат. Австрия туш болгон мигрант «коркуусунун» Түркиянын жүздөн бирин дагы түзбөгөнүн ойлосок, Европанын кандай коркуу климатына багынып бергени капага салуучу түрдө көрүнүп турат. (Түркиянын багып жаткан 3,5 миллион башкалкалоочунун жүздөн бири 35 миң болот).

Рационалдуулуктун жок болушу

Өлкөлөр мезгил-мезгили менен ушундай кризистерге туш болуп турушат. Мындай абалдарда мамлекеттик мекемелер жана көрөгөч лидерлер дагы акыл-эстүү саясаттарды өнүктүрүп кризистин тереңдөөсүнүн алдын алат. Мүмкүн болсо өлкөсүн кризистен чыгарышат.

Бирок баш калкалоочуларга, мусулмандарга, түрктөргө карай каршы чыгууларын, тынымсыз аларды күнөөлөгөн мамилелерин караганыбызда Европанын мээси уюп калганын айта алабыз. Өзүнө ишенүүсүн, рационалдуулугун жоготкон Европа менен бетме-бет келдик. Сколастикалык мезгилден ашып өтүш үчүн өнүктүргөн илим-билимдүүлүгү абдан начарлаган сыяктанат.

Европа маселени баш калкалоочуларга таңуулабашы керек

Була бал негизинен Европанын кризиси. Мигранттар, мусулмандар, түрктөр көптөн бери Европада жашашат. Учурда сандары аябай өсүп кеткен жок. Мигрант топтор алардын жашоо формаларын өзгөртүп жиберген жери жок. Европа орток баалуулуктарды жараткан мезгилде бул коомчулуктарга абдан позитивдүү карап жатса, учурда аларды күнөөлөгөн жана четке каккан тил колдонуп жатса, маселенин Европадан келип чыкканын көрүш керек. Кризистин негизинде Европада боруп жаткан экономикалыктрецессиянын, глобалдашуудан жетиштүү киреше таба албоо жана Европанын өкп өздүктүү, плюралист өтмүшү болбогону жатканын айта алабыз.

Европа 2-Дүйнөлүк согуштан мурда да ушуга окшогон кризиске кирген. Туш болгон рецессиянын себебинен өз кризисин көрбөгөн Европа, жөөттөрдү маселе катары карай башташкан. Айырмачылыктардан корккон жана барган сайын коркунуч түшүнүгүн жогорулаткан Европа, өз кризисин жөөттөргө жүктөөнү тандады. Жөөттөргө жасалгандардан кийин Европанын 2-Дүйнөлүк согуш менен өзүн, аймагын жана дүйнөнү отко жагышы кризистин жөөттөргө тиешеси болбогонунун так далили болчу. Бирок Европанын өзү менен беттешпөөсүнүн беделин бүткүл дүйнө абдан оор чыгым менен төлөдү.

Бүгүнкү күндө да баш калкалоочулар жана мусулмандар аркылуу Европа өзүн жана өз келечегин талкууга алууда. Баш калкалоочуларга жана мусулмандарга карай чектөөчү, алардын эркиндик аянтын тарытуучу саясаттарды жүргүзүүдө. Алардын жашоо формаларына, ибадатканаларга болгон кол салууларды көрмөксөнгө салып жатышат. Европалык интеллектуалдардын, интеллигенттердин, мамлекеттик ишмерлердин кайрадан ошондой эле тарыхый жана өлүм менен аяктоочу жаңылыштыкты кылбоолору үчүн маселени туура көрүүлөрү керек.

Европа туш болгон кризистен ашып өтө алабы? Бул үчүн эң оболу кризистин мигранттардын, мусулмандардын же түрктөрдүн эмес өздөрүнүн кризиси экенин көрүүсү жана өзү менен беттешүүсү керек. Европанын өзүнүн кризисин ашып өтө турганына мен анчейин үмүттүү эмесмин. Бирок бул тема өзүнчө бир макала болот...

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар