28-февраль: Суук согуш камкорчулугунун акыркы төңкөрүшү

Глобалдык перспектива-9

28-февраль: Суук согуш камкорчулугунун акыркы төңкөрүшү

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

28-февраль: Суук согуш камкорчулугунун акыркы төңкөрүшү

Мындан толук 21 жыл мурда 1997-жылдын 28-февралында Түркия жакын тарыхындагы эң маанилүү аскердик кийлигишүүлөрдүн бирин башынан өткөрдү.

Түркия үчүн аскердик төңкөрүш же төңкөрүш аракеттери өзгөчө абал эмес. Төңкөрүш даталары, орто эсеп менен ар он жылда бир ушул сыяктуу аракеттер менен бетме-бет келгенибизди так түрдө көрсөтүүдө. 1960-жыл, 1971-жыл, 1980-жыл (28-февраль), 2007-жыл (27-апрель), 2016-жыл (15-июль).  1997-жылга келгенде акыркы төңкөрүштүн 1980-жылда болгонун ойлосок, жаңы төңкөрүш үчүн кечигилгени божомолдонсо болот. Бирок төңкөрүшчүл генерал Эврендин бийликтен кеткенине 8 эле жыл болгону эске алынганда абал түшүнүктүү болот.

Түркия эмне үчүн он жыл сайын ушундай төңкөрүштөргө туш болууда?

Түркия сыяктуу оюн куруучу өлкөлөр, глобалдык актерлор тарабынан өз жайына коюлушпайт. Өз жайына коюлган учурда бул өлкөлөрдүн эмне кыла ала тургандарын глобалдык актерлор абдан жакшы билишет. Ушул себептен ушундай өлкөлөрдү дайыма текшерүүсү астында кармоону каалашат. Муну Германиядан да билебиз. Эки жолу глобалдык тартипти бузууга аракет кылган жана жеңилген Германияга Конституциясы мажбурлап кабыл алдырылган, армиясы жана куралдуу күчтөрү чектелген.

Түркияда да аскердик төкөрүш менен өлүм жазасына тартылган премьер-министр Аднан Мендерестин убагындагы жылдарда бул өлкөнүн потенциалы дагы бир жолу көрүндү. Ушул себептен 1961-жылдагы Конституциясы менен тандалгандарды көзөмөлү астында кармай турган камкорчулук системасы түзүлгөн.  Ар бир он жыл сайын болгон төңкөрүштөр негизинен улутубузду көзөмөлү астында кармаш үчүн жасалган тартип болуп саналат.

Түркия сыяктуу өлкөлөрдө болгон төңкөрүштөр, бир гана ички таасирлер менен ачыктала албайт. Мындан өткөн аптада ЦРУнун (CIA) мурдагы башчыларынан Жеймс Вулси, АКШнын шайлоолоруна Орусиянын кийлигишкени туурасында прокурор Роберт Мюллер жүргүзгөн териштирүүдө АКШнын да башка өлкөлөрдөгү шайлоолорго кийлигишкенин моюнга алды. Ошондуктан Түркиядагы 1980-жылдагы төңкөрүштөн кийин АКШнын Улуттук  кеңешинин кеңешчиси Пол Хензе, ал убактын АКШ Президенти Жимми Картерге «биздин балдар ийгиликтүү болушту» деген.

1990-жылдарда Түркия жагынан, менин оюмча өлтүрүлгөн президент ыраматылык Тургут Өзал менен болгон жылдарда Түркия керек болсо экономикалык өнүгүүлөр жана керек болсо эркиндиктер жагынан абдан маанилүү жолду басып өткөн. Андан соң «Рефах жол» мезгилинде ыраматылык Эрбакандын жетекчилигинде өлкөнүн экономикасы ылдам өсүүгө ээ болду. Эгерде процесс ошондой уланганда Түркия текшерүүдөн чыгып өз жолун тандай алмак.

Мына ушундай мезгилде 28-февраль төңкөрүшү ишке ашты.

28-февраль процесси

Процесс, 28-февраль күнү танкалардын Анкаранын Синжан районунда шаардын ичинен жүргүзүлүшү менен башталды. Бул катардагы эле окуя эмес эле. Бирок сиз өтмүштө танкалар менен парламент курчалган, премьер-министрлер, министрлер өлүм жазасына тартылып асылган өлкөдө жашасаңыз, аң-сезимдеги коддоруңуз танка жүрүшүнөн көп нерселерди чыгарууга даяр. Ансыз деле процесс ошондой түрдө уланды. Улуттук коопсуздук кеңешинде ошондогу түзүлүшү боюнча жарандар менен тең санда болгон аскерлердин көөшөрүүсү менен өкмөткө кыймыл планы мажбурланды. Аскерлердин ниети белгилүү болгондон кийин, бүтүндөй өлкө варварларды күткөнсүп катарга тизилди. Өлкө кудум эле мындан мурда сыноолору болгондой кыймылдар менен төңкөрүш процессине кирди. Өкмөт, бюрократтар, бейөкмөт уюмдар, кандай «артка тартуучу коркунуч» астында болгонубузду түшүнүш үчүн Башкы штаб төрагалыгы тарабынан берилген брифинг жарышына киришти.

Жыйынтыктары...

Бирок албетте процесс ошону менен бүтүп калган жок. Кулатылган өкмөт, ыраатсыз коалиция жылдары, камакка алынган, жумуштан чыгарылган сан жеткис адамдар, өлүмдөр, жанын кыйуулар, жаштыгы жана келечеги уурдалган бир муун...

Негизги укук жана эркиндиктер жагынан жетишилген бардык ийгиликтер артка алынган, аскердик режим мезгилине кайткан Түркия...

2002-жылы көрүнгөндөй экономикасы кыйраган өлкө... Коррупция, тоноо жана талоо айтымдары күчөгөн абал...

Жана андан кийинкиси...

28-февраль Түркияны текшерүү астында кармагысы келген ички жана тышкы күч борборлору тарабынан ишке ашырылган суук согуш камкорчуларынын акыркы төңкөрүшү болчу. Коомчулукка жана баалуулуктарына үстүртөдөн караган, аны менен келише алгыс улутчул суук согуш камкоручулугу менен Түркиянын эми текшериле албай турганы так түрдө көрүндү. Глобалдашуу жана байланыш доору, ээ болгон плюрализм, көп маданияттуулук, жакшы-жаман демократия сыноосунун себебинен Түркия эми мурдагыдай суук согуш камкорчулугу менен башкарыла алмак эмес.

Бүгүндөн тарта артка караганыбызда 28-февралдын суук согуш камкорчулугунун курулушу жагынан эмес, бирок улуттун баалуулуктары менен чогуу кыймыл кылган жаңы камкорчулуктун курулуусу жагынан ийгиликтүү болгонун айта алабыз. Анткени ал мезгилде учурда ФЕТӨ деп билинген топтун тышындагы бардык жарандык жана диний топтор кайда болсо жок кылынган. Бүгүн караганыбызда абдан даана көрүнүп тургандай, 28-февралда 15-июль үчүн кеңири тазалоо жасалыптыр. Демократиялык жана жарандык элементтер жоюлуп, түзүлүүгө аракет кылынган жаңы камкорчулук ФЕТӨ террор уюму үчүн аянтты ачып бериптир.

Булардын бардыгы менен бирге эсептеле албаган эки элемент бардык пландарына таш каптырды. Президент Режеп Таййип Эрдогандын моюн сунбаган лидерлиги жана улутубуздун лидери менен бирге жанын аябай ортого салган тарыхый процесс. 15-июлда 250 шейит жана 2000ден ашуун жаралуубуз болду. Бирок мекенибизди, келечегибизди жана намысыбызды куткарып калдык. Улутубуз төңкөрүш эң демократиялык түрдө кантип терсине айланыдырыла турганын бүткүл дүйнөгө үйрөттү.

28-февраль сабактары

Глобалдык актерлор үчүн эң маанилүүсү камкорчулуктун эмнеге таянганы эмес, камкорчулуктун өзү болуп саналат. Ушул себептен глобалдык актерлордун башка өлкөлөрдө демократия же адам укуктары эмес, өз кызыкчылыктарына ылайыктуу камкорчулук издөөсүндө боло ала тургандары унутулбашы керек. Глоабалдык актерлор үчүн бул камкорчулуктун аскердик, диний, секулярдык же улутчул мыйзамдуулукка таянышынын эч кажети жок.

Камкорчулук ситемаларынын уусун жоготуу системанын бардык тармактарын болушунча улутка ачуу болуп саналат. Улуттан жана саясаттан уурдалган, сотко, жогорку рангадагы бюрократияга, академияга таандык бардык тармактардын улутка ачылышы камкорчулукту артка тарткан эң маанилүү элементтерден бири.

Жабык жана текшерүүсүз коопсуздук бюрократиясы камкорчулукту өндүргөн маанилүү элементтерден бири. Ушул себептен коопсуздук бюрократиясынын демократиялык байкоо, көзөмөлдөө жана текшерилүүсүнөн өткөрүлүп турушу абдан маанилүү. Түркиянын абдан оор беделдерди төлөп ээ болгон тажрыйбасы көз карандысыз, эркин жана намыстуу жашоону каалаган бардык улуттар үчүн жол көрсөтүүчү болуп саналат.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.

 

                             



Тектеш кабарлар