«Жумшак Батыш» муктаждыгы

Глобалдык перспектива-10

«Жумшак Батыш» муктаждыгы

«Жумшак Батыш» муктаждыгы...

Эгерде тарых илиминен сабак алынса адамзат үчүн алда канча үйрөтүүчү болмок. Бирок тилекке каршы андан анчейин сабак алынбай жатат. Өткөндө болгондор, кайгылар, өлүмдөр, зулумдуктар канчалык тез унутулууда...

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Жапайы Батыштан жумшак Батышка карай...

Өткөн кылымда башка эч нерсе эмес, болгону дагы көп эксплуатация кылуу максаты менен Батыш тарыхта болгон бардык согуштардан балким эң көп өлүм, кан жана көз жашын алып келген эки чоң согушка себепчи болду. Согуштан кийин кайра эле ошол өзү себеп болгон бул Биринчи жана Экинчи Дүйнөлүк согуштардын мыкаачылыгынан сабак алып өзгөчө Европада дагы көп баалуулукка багытталган саясаттарды өнүктүргөн процесске кирди. Европа Биримдигинде калыпташкан, Европада кызматташууну, бөлүшүүнү, эркиндиктерди, адам укуктарын, демократияны алдыңкы планга чыгарган баалуулукка багытталган саясаттар Европага да аймакка да салыштырмалуу тынчтык алып келди.

Жумшак Батыштан жапайы Батышка карай...

Ал эми бүгүнкү күндө келип жеткен жерде кайрадан коркунучка багытталган дүйнөгө баратабыз. АКШ, Түндүк Корея жана Орусия тарабынан болгон акыркы билдирүүлөр, кудум эле каршы тарапты жок кыла турган химиялык/ядролук бомбаларга ким дагы көп ээ болгону, кимдин дагы тез кнопкага баса ала турганы боюнча жарышка айланды.

Батыштагы адам укуктары, эркиндиктер, плюрализм, инанч эркиндиги, ар башка жашоо формаларына урмат сый көрсөтүү жагынан болсо абал күн өткөн сайын начарлап баратат. Германиянын Ички иштер министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда 2017-жылы Германияда мусулмандарга карай 950 кол салуу болду(http://www.spiegel.de). Бир жылда 950 кол салуу! Бир Чыгыш, Латын же мусулман өлкөсүндө бул катнаштын жүздөн бириндей өлчөмдө христиан же жөөттөргө кол салуу болсо, дүйнө жүзү көрсөтө турган каршылыкты божомолдой алсаңыз керек. Шексиз мындай нерсе эч качан кааланбайт. Батыштагы кысылуу жана кол салуулар, башка аймактар үчүн эч качан өрнөк болбошу керек. Батышта мусулмандарга карай кол салуулар тилекке каршы Германияга гана таандык эмес. Батышта болгон соң үн катпастан жымсалдап жоюшат. Европа жана АКШнын жакынкы тарыхында ар башка жашоо формаларына ээ болгондор өздөрүн эч качан ушунчалык коркунуч астында сезишкен эмес.

Көп сандаган батыштык өлкө карапайым калкка, багар көрөрү жокторго, баш калкалоочуларга баш паанекти абдан кыйылып берип жатканда, ФЕТӨ, ПКК, ДНКПЖ сыяктуу өз өлкөсүндө ар түрдүү кылмышты кылган, адамзат кылмышкери террор уюмдарынын мүчөлөрүнө, баш калкалай алышы үчүн чакырык салып тургансыйт. Айрым батыштык өлкөлөрдөн тышкаркы дүйнөдө террористтер ушунчалык көп баш калкалаган башка өлкө барбы? Чынын айтсам кызыгып жатам...

Бир тараптан Батыштагы эркиндикчил, плюралист, демократиялык катмарлардын барган сайын үндөрү басаңдап баратат. Эркиндикчил, плюралист, демократиялык партиялардын эмес, жикчил, фашист жана нацист партиялардын добуштары жогорулап, бул партиялар айрым өлкөлөрдө бийликти бөлүшүүдө. Эми батышта дагы аз сезимтал, өз коомчулугунун ичиндеги айырмачылыктарды, коңшуларды, аймагын жана башка өлкөлөрдү коркунучка сала турган лидерлер дагы көбөйө баштады.

Жапайы Батыш же тарыхтын акыры...

Ойлоп көргүлөчү... Адамзаттын акырын алып келе турган батыштагы ядролук куралдардын, химиялык бомбалардын ушул радикалдык агымдардын башкаруусуна жана текшерүүсүнө өткөнүн. Тынчтык, кызматташтык, теңдик, адилеттик, эркиндик, адам укуктары сыяктуу терминдерди эмес, жек көрүү, четке кагуу, чоочундаштыруу, бөлүүчүлүк, жок кылуу сыяктуу терминдер менен өзү сыяктуу ойлонбогондорду адам деп эсептебеген фанатик батыштык лидерлердин колуна бул куралдар кантип берилет? Аны ойлоп көрүү да абдан коркунучтуу...Адамдын үрөйүн учурат. Бул куралдардын Биринчи жана Экинчи Дүйнөлүк согуштар убагында мынчалык күчтүү болбосо дагы алып келген кыйратуусу белгилүү. Бүгүнкү күндөгү кыйратуучу көлөмү эске алынганда бул куралдардын радикал агымдардын колуна өтүшү кыяматка алып барат. Айрым футуристтер эмитеден «Теңирдин колунан кыяматты тартып алуу» же «Теңирди кыяматка мажбурлоо» сыяктуу жазууларды жаза башташты.

Бүгүнкү күндө өлкөсүндөгү айырмачылыктарды жок кылыш үчүн адам укуктарына, эркиндиктерге, глобалдык баалуулуктарга терс түшкөн ар түрдүү ишке ашырууларды ыраа көргөндөр бул «корунучту» ашып өткөндөн кийин тынч тура алышабы? Тарых андай дебейт. Еврей геноциддеринен кийин, мындай аң-сезимдеги адамдардын өлкөлөрүн жана аймактарын кандай апаатка түрткөнү белгилүү.

Жумшак Батыш муктаждыгы...

Батыштагы абал алып келе турган коркунуч ушунчалык шашылыш жана жакын болуп турганда «жумшак Батыш» муктаждыгы эмес, «жумшак Ислам» талкуулары дагы көп күн тартипке алып чыгылууда. Жумшак ислам башка бир макаланын темасы болот. Ал эми Европа жана Америкадагы радикалдык абалдар ар кимди санааркатууда. Бул ашкереликтер бир гана тийиштүү өлкөлөрдү эмес, бүткүл дүйнөнү коркунучка салууда. Бул жагынан алганда Европада центрист оңчул жана центрист солчул партиялардын добуштарынан ажыроосу, эркиндикчил, плюралист жана демократиялык катмарлардын үндөрүнүн барган сайын басаңдашы бир гана Европанын келечеги үчүн санааркатуучу эмес. Радикалдык агымдарга багынып берген Европанын кайсы жерлерге сүрүлө турганын өткөн кылымда көрдүк. Ушул себептен жер жүзүнүн эркиндикчил жана тынчтыкчыл катмарлары, дүйнөлүк тынчтык үчүн «жумшак Батышты» түзүүгө карай биргелешип иштөөсү зарыл.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.

 



Тектеш кабарлар