Чанаккале өтүлгүс, адамдык сапат жоголбойт

Глобалдык перспектива-11

Чанаккале өтүлгүс, адамдык сапат жоголбойт

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Чанаккале өтүлгүс, адамдык сапат жоголбойт.

Өлкөлөрдүн тарыхтарында, тагдырларына таасирин тийгизген абдан маанилүү окуялар бар. Бул окуялар кээде дүйнөлүк тарыхты да өзгөртүшү мүмкүн. 103-жылы эскерилип жаткан Чанаккале согушу да дүйнөнүн тагдырын өзгөрткөн ушундай  согуш болуп саналат.

Бул согушта, Стамбул басылып алынып, Осмон мамлекети четке кагылып, деңизден Орус падышачылыгына жардам жөнөтүү негизги максаттардын айрымдары эле. Бул үчүн Англия, Франция, Австралия, Канада, Жаңы Зеландия, Индия сыяктуу өлкөлөрдүн аскерлеринен турган Антанта мамлекеттери жүз миңдеген аскери менен Чанаккалени баш калкалоочу жай кылышты. Деңизден өтө алуу үчүн болгон күчү менен кол салышты. Өтө албаган соң кургактык аркылуу коргонуудан ашып өтүүгө аракет кылышты. Бирок алар бардык техникалык жетишсиздигине карабастан, мекендерин ишеним күчү менен коргогон Осмон армиясы менен бетме-бет келишти.

Согуш 1915-жылдын февраль айында башталды жана ушул эле жылдын декабрь айында аяктады. Артында жүз миңдеген өлүү, дайынсыз жоголгондор, туткундар, жаралууларды калтырды...Тарыхтын балким эң чоң кайгысын алып келишти.Канчалаган кошоктор кошулду. Ансыз деле мурунку согуштарда көптөгөн аскер шейит болгондуктан дагы жаш балдар аскерге алынган. Ушул себептен бул согуш «онбештиктер» согушу деп да билинет.

«Эй онбешли- онбешли,

Токат жолдору таштуу,

онбештиктер келе жатат,

кыздардын көзү жаштуу» деген элдик ыр ушундан келип чыккан. Ал жылы өлкөнүн көптөгөн лицейинен жаштар согушка катышкан. Галатарасай, Измир жана Султан Абдулхамид мезгилинде ачылган Конья лицейи, акыркы класстары согушка кеткендиктен бүтүрүүчүлөр болгон эмес.

Мехмет Акиф «Чанаккале шейиттерине» аттуу ырында согушту жана баатырларыбызды мындай эскерет:

Эски дүйнө, жаңы дүйнө, бүтүндөй адам коомчулуктары,

Кайнайт кум сыяктуу, туфан сыяктуу махшар-махшар,

Жети климаты дүйнөнүн турат маңдайыңда,

Карасаң Австралия менен кошо; Канада!

Жүздөр башка, тилдер башка, терилер түркүн түстүү;

Жөнөкөй бир окуя бар ортодо; апааттар бирдей.

Эй, бул жерлер үчүн жерге сулаган аскер!

Көктөн ата-бабаларың түшүп аруу чекеңди өпсө гана,

Кандай улуусуң каның куткарат Таухидди...

Бедрдин арстандары гана ушунчалык даңазалуу болушкан.

Согушта расмий каттоолор болбосо да Осмон армиясынын 250 миң аскеринин шейит болгону айтылат. Бул шейиттер көбүнчө лицейге, медресеге же университетке барган билимдүү адамдар эле. Ушунча көп билимдүү адамдын шейит болушу, андан соң чоң кыйынчылыктарды жараткан.

Осмон армиясынын шейиттери, ошол күнкү Осмон чек аралары ичиндеги же өз ыктыяры менен катышкандары үчүн ар кайсы өлкөлөрдүн жарандары эле. Бүгүнкү Түркия чек араларынын ичиндеги областтарыбыз менен катар, Балкан улуттарынан, Жакынкы Чыгыш улуттарынан, Кавказдан катышкандар жана шейиттер бар. Бул жерде косоволук улгайып калган Ильяс авадан уккандарымды бөлүшө кетким келет. Анын айылынан да Чанаккале согушуна көп сандаган аскер катышат. Бирок согуштан кийин 3 аскерден тышкары бардыгы шейит болот. Айылына кайтып бара жатканда аскерлер берки айылдыктарга эмне айтаарын билишпей бушайман болушат. Анткени шейит болгон жолдошторун сагыныч менен күткөн көздөрү жашка толгон энелери, аталары, жубайлары, балдары, сүйгөндөрү бар эле. Айылга баары чогуу кирип барышса алардын бардык үмүтттөрү үзүлүп, чарасыздыктары, кайгылары жана кошокторуна туш болгусу келбейт. Ушул себептен айылга белгилүү мөөнөттөр менен бир-бирден кирүүгө чечим чыгарышат. Эң биринчи ардагер аскер айылга келгенде күтүлгөнү сыяктуу бардык айылдыктар башкаларынын кайда экенин сурашат. Аскер «келишет, келишет» дейт. Арадан бир жума өткөн соң берки аскер айылга келет. Ал да чыдамсыздык менен, сагыныч менен күткөн көңүлдөргө ошондой эле жоопту берет: «Келишет, келишет». Акыркы ардагер аскер да ошондой эле кылат. Ушундайча айылдыктарды кайгылуу жана оор натыйжага акырындык менен даярдашат.

Чанаккале согушу негизинен империализмге каршы эзилген улуттардын Осмон армиясынын катарында ишке ашырган туруштук берүүсү болуп саналат. Бардык технологиялык үстөмдүктөрүнө карабастан, аймагыбыздын эзилген калктары бардыгы чогуу империализмге жол беришкен жок. Чанаккале жана андан кийинки Боштондук согушунда Индия жана Ооганстан сыяктуу Түштүк Азия мусулмандары да жардамдарын аяшкан эмес. Ушул түшүнүгү менен Чанаккале дастаны адамзат үчүн үмүттүн символу болуп саналат. Бүгүнкү күндө да глобалдык жамандык борборлору  көп сандаган аймактарда ошондой эле басып алуу аракетин кылып жатышат. Чанаккале эзилген калктардын чогуу кыймыл кылган, ар түрдүү басып алуу кыймылдарына каршы чогуу каршылык көрсөткөн учурунда империалисттердин максаттарына жете албай тургандары жөнүндө эң жакын, эң кайгылуу, эң урунттуу сабактардан бири болуп эсептелет. «Майдала, бөл, башкар» саясатына каршы бир гана чогуу каршылык көрсөтүлө ала турганынын так далили. Ар түрдүү империалисттик кол салууларга каршы туруу албетте баалуу. Муну менен катар каршылык көрсөтүү кандай жасала турганы, кайсы айтым менен ишке ашырыла турганы да маанилүү. Учурубуздагы империалисттик кол салууларга каршы турганда, тилекке каршы жек көрүү/четке кагуу айтымдарынын өнүккөнүнө да күбө болобуз. Адамдардын баскынчыларды жек көрбөөлөрү жана бул айтымдарды колдонбой коюулары мүмкүн эмес эле. Мына ушул жагынан алганда Чанаккале согушу жана андан кийинки абалдар биз үчүн жол көрсөтүүчү мүнөздө.

Австралия, Жаңы Зеландия сыяктуу өлкөлөр тарыхтарында көп согушту көрбөгөндөрү үчүн Чанаккале согушуна бир улут жаратуу сыяктуу да мамиле кылышты. Чындыгында биз четке кагуусу болбогон, тарыхындагы эч бир согушунан, жеңишинен, жеңилүүсүнөн четке кагууну жаратпаган улутпуз. Дүйнө жүзүндө улут болуш үчүн четке кагууга муктаждыгы болбогон, ушул алкакта четке кагуусу болбостон улут боло алган сейрек улуттардан бирибиз. Бул Чанаккале үчүн да ошондой. 250 миң шейитибизге, ондогон кошогубузга, кайгыбызга, жоготуубузга карабастан Чанаккаледе да четке кагууну жараткан жокпуз. Ушундай түрдөгү окуяларга карата көз карашыбызды, тарыхбыздын жана цивилизациябыздын перспективасын, Ататүрктүн анзактар үчүн айткан сөздөрү жыйынтыктап турат: «Узак жерлерден балдарын согушка жөнөткөн энелер, көз жаштарыңызды токтотуңуздар. Алар бул жерлерде жан бергенден кийин эми биздин балдарыбыз болушту».

Империалист кол салууларга карай жек көрүү айтымдарын өндүрүү, четке кагуу бизди дагы да тарытып, ички дүйнөгө камайт. Ооба абдан татаал. Бирок ушундай түрдөгү кол салууларга карата цивилизациябыздын баалуулуктары менен канчалык жабдылсак, ар түрдүү империалисттик кол салууга каршы, адамзаттын атынан үмүтүбүз ошончолук артат. Империалист кол салуулар кыска мөөнөттө ийгиликке жетишсе дагы, четке кагууну жаратпаган, ички дүйнөгө камалбаган мамилеге ээ боло алсак, адамдык сапат жоголбойт, зулумдук туруктуу боло албайт. Кызыкчылыкты көздөгөн, ар түрдүү эзүүнү, басып алууну мыйзамдуу көргөн колониалисттик аракеттер эртедир кечтир жеңилүүгө учурашат.

Анкара Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.

 



Тектеш кабарлар