Европа туш болгон кризистен чыга алабы?

Глобалдык перспектива-12

Европа туш болгон кризистен чыга алабы?

Европа туш болгон кризистен чыга алабы?

Европадагы күчөгөн улутчулдук, фашизм, нацизм, Исламга каршы чыгуу, ар кандай жашоо формаларынын коркунуч катары эсептелиши, барган сайын өзүмчүл болуу (ички сезимин эч кимге айтпаган) сыяктуу ооруларын, мусулмандар жана баш калкалоочулар алып келгенсип талкуулап жатышса да бул Европанын негизи өзү жараткан кризис экенине мурунку макалаларыбызда токтолгон элек.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Мындан мурда, Европада болуп жаткан процессти Түркиянын 28-февралына окшоштурган элем. (http://www.star.com.tr/acik-gorus/avrupayi-28-subatindan-kim-cikaracak-haber-1168353/) Германиянын Ички иштер министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда 2017-жылы бир жылда эле мусулмандарга карай 950 кол салуу болгону катталса (күнүгө орто эсеп менен 3 кол салуу), келип жеткен жагдай ал чийинден эбак эле ашып кеткенин көрсөтүп турат.

Европа туш болгон бул кризистен чыга алабы?

Бул үчүн эң оболу кризистин себептерине токтолуу керек...

  Глобалдык белгисиздик: АКШ, Орусия, Кытай, Түркия, Индия жана Латын Америкасындагы кыймыл-аракеттердин себебинен дүйнөдө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин курулган тартип бузула баштады. Бул белгисиздик бардык өлкөлөрдө белгилүү өлчөмдө чыңалуу жана тынчсыздануу жаратууда. Салттык шериктештиктер жана душмандыктар кайрадан суракка алынууда. Бул жагынан алганда өлкөлөр аралык карым-катнаштар кайрадан иштелип чыгууда. Өлкөлөрдүн ортосундагы блок өнөктөштүктөр жана карама-каршылыктардын ордуна темага таянган шериктештик же каршы чыгуулар алдыңкы планга чыгууда.

Батыш глобалдашуудан жетиштүү пайда тапкан жок: «Европа менен АКШ глобалдашуу процессинен  жетиштүү түрдө пайда табышкан жок. Кытай, Индия, Бразилия, Түркия сыяктуу өлкөлөр бул процесстерден дагы көбүрөөк пайда табышууда. Ушундан улам АКШ менен катар айрым өлкөлөр, эркин соода, бажы бекеттеринин жоюлушу сыяктуу глобалдаштырган саясаттардын тескерисин жакташууда. Глобалдашуу процессинен жетиштүү түрдө пайда таба албоосунан келип чыккан Европадагы экономикалык рецессия саясий, социалдык, экономикалык, психологиялык дегеле көп сандаган темага терс таасирин тийгизүүдө.

Батыштагы айтымдар жана практикалык ылдамдык менен дагы көп глобалдашууга каршы багыт алууда. Бул абал Батыш үчүн түшүнүлсө боло турган. Бирок глобалдашуу жагынан пайда таап жаткан Түркия сыяктуу өлкөлөрдө да интеллектуалдардын жана сиясий лидерлердин, мурдагы глобалдашууга каршы айтымдарын улантуулары, жаңы чындыкты байкап же байкабагандары суроосун туудурат.

Европанын плюралист өтмүшүнүн болбоосу; Европадагы кризистин маанилүү себептеринен бирөө глобалдашуу процесстери менен ар башка өздүк, маданият жана таандык болуулардын дагы жакын жана көрүнүп турганы. Ар башка таандык болуулар алыскы жерлерде, өлкөлөрүндө болгондо «жагымдуу көрүнчү». Ал эми эшиктеш коңшусу, жумуштагы жолдошу, жумуш ээси, жумушчусу болгондо абал өзгөрөт. Анткени Европанын бул абалды көтөрө алгыдай көп өздүктүү, плюралист өтмүшү жок. Европанын плюрализм жана айырмачылыктар менен жанаша жашоо сыноосу бир гана акыркы кылым үчүн жарактуу. Жүз жыл деген тарыхчылар үчүн кечээки эле күн сыяктуу.

Өз көз карашы жок лидерлер; Европадагы центрист оңчул жана солчул партиялар, улам жогорулаган радикалдык агымдарга каршы акыл-эстүү болууну көтөрүп чыгуунун ордуна добуштарын жоготпоо үчүн дагы көп маргиналдык айтымдарды тандашууда. Бул абал неонацист жана неофашист партиялардын жогорулоосуна бөгөт болбогону сыяктуу эле, центрист солчул жана оңчул партияларды да радикалдаштырууда. Бул абалдын натыйжасы катары Европада саясий бийликтегилер дагы көп радикалдык оңчул партияларга ооп жатышат.

Ассимиляция болгон катмарлардын таасири; Өлкөлөрү менен маселелерге туш болушуп Европага баш калкалаган, коомдук колдоочусу болбосо дагы саясий аянтта үстөмдүгүн курган ассимиляция болгон катмарлар, келген өлкөлөрү менен жашаган өлкөлөрүнүн  арасындагы карым-катнаштарды дагы көп ууландырып жатышат. Европа да шыктандырган бул ассимиляция болгон топтор бир тараптан өз позицияларын мыйзамдаштырыш үчүн ассимиляция болбогон, өз өздүк жана маданияты менен жашаган коомчулукка салым кошууну каалаган баш калкалоочуларга карата кемсинтүүчү мамилени көрсөтүшүүдө. Өлкөлөрүндөгү мигранттарды жана алардын келген өлкөлөрүн, шыктандырып жаткан ассимиляция болгон катмарлар сыяктуу кароо, Европаны дагы жагымсыз, дагы коркутуучу, дагы тайыз жана дагы көп өзүмчүл абалга келтирүүдө.

Ассимиляция болгон легалдык катмарлар менен катар Батыш кучак жайган адамдары көчкөн өлкө тектүү террордук уюмдардын иш-чаралары да Европанын бул өлкөлөр менен карым-катнаштарын ууландырган берки элементтерден бири болуп эсептелет.

Европанын кризисинин себептери жогоруда айтылгандай ачыктала алса, кыска мөөнөттүн ичинде бул кризистен ашылып өтө турганы жөнүндө үмүт жокко эсе. Анткени жогорудагы себептер бүгүндөн эртеңкиге алмаша турган себептер эмес. Мезгил-мезгили менен мындай түрдөгү кризистерге туш болгондо тобокелчиликке салып демилге көтөргөн лидерлер гана өлкөлөрүн куткара алышат. Тилекке каршы Европада өз көз карашына ээ болгон лидерлердин саны жана таасири барган сайын азаюуда.

Мындай абалдарда интеллигенттер, интеллектуалдар да маанилүү роль ойной алышат. Европа туш болгон бул кризис жана кризистен кантип чыга турганы жөнүндөгү жагдайларга Европадагы эркиндикчил жана плюралист катмарларда жетиштүү түрдө байкоо салуу барбы? Немис нацисттигин жана итальян фашисттигин башынан өткөргөн картаң материктин интеллигенттеринин бул абалды байкабаганын ойлоо мүмкүн эмес. Бирок бул катмарлардын аракеттери, кризисти токтоткудай жана терсине бура тургандай деңгээлде эмес. Ушул себептен алардын үнү күн өткөн сайын басаңдап баратат. Жикчил партиялардын добуштары барган сайын бийиктеп баратат. Эркиндик тармактары барган сайын тарып баратат. Бул тармактар азырынча баш калкалоочулар жана мусулмандар үчүн тарытылгандыктан анчейин байкалбай жатат жана маани берилген жери жок.

Мен Европанын туш болгон кризистен кыска мөөнөттө чыга турганына тилекке каршы ишене бербеймин. Алгач ичиндеги айырмачылыктарды, андан соң Европанын өзүн дагы жаман күндөр күтүп турганын ойлоодомун. Бул ойдон оолак болууну чындап эле каалайт элем. Тилегеним Европа бул ирет жаңы дүйнөлүк согушка алып барбастан каталарын түшүнүшү. Барган сайын карарып бараткан келечектин, тарып бараткан эркиндик тармактарынын кайда алып бара турганын байкашын каалайм. Ошентсе да биз өз милдетибизди аткаралы. Жазгандарыбыз менен Европаны туш болгон кризис темасында эскертүүбүздү, чыга турган жол көрсөтүүбүздү, чечүүчү жол табууну сунушташыбызды уланталы.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар