АКШдагы мектептерге кол салуулар

Глобалдык перспектива-13

АКШдагы мектептерге кол салуулар

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

АКШдагы мектептерге кол салуулар

Бул учурда Америка шаарларында башталып көп сандаган шаарларга жайылган жүрүш, активдүү кыймыл түрүндө толкун-толкун түрүндө бүткүл дүйнөнү курчачудай көрүнүп турат; «Жашообуз үчүн жүрүшкө чык» (MarchForOurLive). Американын мектептеринде болгон кылмыштарга каршылык көрсөтүүгө карай ишемби күнү Вашингтондо өткөн митингге жаштар көпчүлүктү түзгөн 500 миңдей киши катышты. Бир башталгыч мектептин окуучусунун колуна көтөргөн «Мен мектепке фыстыктын эзмесин дагы алып бара албайм. Куралдарды жойгула» деген жазуусу бар картону абдан таасирдүү эле...

Мектеп кылмыштары...

АКШда мектептердеги кылмыштар күн өткөн сайын ойго келбегидей түрдө күчөп баратат. Балдар, үй-бүлөлөр, акыл-эстүү адамдар акылуу түрдө бул кылмыштарга каршылык көрсөтүүдө жана алдын алуу үчүн жүрүштөр уюштурулууда. Эң акырында 2018-жылдын февраль айында Флоридада бир мектепке кол салуу болуп 17 окуучу өлтүрүлдү. 2012-жылы Коннектикуттагы кол салууда 26, 2007-жылы Виргинияда болгон кол салууда 32 окуучу кыргынга учуратылган.

Америкада жыл сайын миңдеген баланын куралдуу кол салууларда каза тапканына, күнүгө 5 өлүмдөн 19 өлүмгө чейин ар башка көрсөткүчтөргө интернеттен жетүүгө болот. Бул көрсөткүчтөрдө АКШдагы мектептерге кол салууларынын дүйнө жүзүнүн калганынан эки эсеге дагы көп болгону жөнүндө маалыматтар да айтылууда.

Жалпы кылмыштар

АКШдагы мектеп кылмыштары, чындыгында өлкөдөгү кеңири жайылган куралдуу кол салуулардын астыңкы элементи катары каралса болот. Төрт башка категориядагы куралдуу кол салуулар бар; Куралдуу кол салуу жана атышуулар, куралдуу кырсыктар, жан кыюулар, тобу менен кол салуулар. Учурда АКШда күнүгө 92 киши куралдуу кол салуудан каза таап жатат. 1970-жылдан бери 1,5 миллион киши куралдуу кол салуунун себебинен бул дүйнө менен кош айтышканы маалымдалып, бул сан Американын согуштардагы жоготууларынан дагы көп экени белгиленген. 2017-жылы Невадада 58 киши, 2016-жылы Флоридада 49 киши өлтүрүлгөн.

Массалык кыргын салуулар чоң өлчөм менен Америка коомчулугунун кеңири түрдө куралга ээ болушу менен түшүндүрүлсө болот. Америкалыктар дүйнөлүк калктын санынын 4,4 пайызын түзөт, бирок дүйнөдөгү жеке куралга ээ болуунун 42 пайызын ээлеп турат. Дүйнөдөгү массалык кол салуулардын 31 пайызы бир гана АКШда ишке ашууда. Америкадан кийин киши башына эң көп курал туура келген өлкө Йемен болуп эсептелет.

Жалпы кылмыш көрсөткүчтөрү

АКШда  жалпы кылмыш кылуу көрсөткүчтөрү да дүйнөлүк көрсөткүчтөргө караганда кыйла эле жогору. Федералдык териштирүү кеңсесинин (FBI)  көрсөткүчтөрүнө караганда АКШда 2016-жылы 1 миллион 195 миң 704 күч колдонулган кылмыш кылынды.  15 миң 696 киши өлтүрүлдү. Бул кылмыштардын 71,5 пайызы ок чапталып атылуучу каралдар менен кылынды. 2016-жылы полициянын атып өлтүргөн киши саны 1152ге жетти. Дүйнө жүзүндө зордуктоо кылмышы эң көп кездешкен өлкө да АКШ. Өлкөдө акыркы бир жылда 90185 зордуктоо кылмышы катталганы айтылууда. Зордуктоого кабылгандардын 62 пайызынын 18 жаштан кичине, мунун 29 пайызынын 11 жаштан кичине балдар экени белгиленген. (http://www.milliyet.com.tr/abd-nin-korkunc-suc-istatistikleri-istanbul-yerelhaber-2501762/)

Эркиндиктерге каршы кылмыштар

Медиа анчейин көрбөсө дагы кылмыш көрсөткүчтөрү чындап эле үрөйдү учурат. Ал эми биз темабыз боюнча кайра мектептеги кылмыштарга кайталы. Мектеп жана жалпы кылмыштар жагынан Америкадагы талаш-тартыштарга көңүл бурулганда, талаш-тартыштар көбүнчө конституциялык курал алып жүрүү эркиндигинин алкагында жүргүзүлүүдө. Курал алып жүрүү эркиндигинин Американын конституциясынын америкалыктарга берген негизги жана өзгөргүс укуктарынан бири болгону айтылууда.

АКШ учу кыйырсыз аймак болуп саналат. Тарыхы да керек болсо индеецтер менен ок атышууларга, керек болсо өз ара ок атышууларга толгон. Ушул себептен ушундай бир өлкөдө курал алып жүрүү эркиндиги белгилүү өлчөмдө туура көрүлүшү мүмкүн. Муну менен катар талаш-тартыштын бир гана конституциялык эркиндиктердин аклагында калыптанышы, Американын коомчулугунун тышында калгандар үчүн көп түшүнүлө беле турган абал эмес. Анткени талаш-тартыштын көп жагы бар. Жыл сайын миңдеген адам өлтүрүлгөн бир өлкөдө талаш-тартышты бир гана конституциялык эркиндиктер жагынан кароо сокурдун көзүн оюу сыяктуу болот. Муну менен катар АКШда президент Трамптын жасаганы сыяктуу абдан өөн учураган сунуштарга туш болобуз; мугалимдерди да куралдандыруу сыяктуу...Ошондуктан Флоридада ушундай бир сунуш штаттык парламенттен өттү. Мектептерде жыл сайын миңдеген окуучу өлтүрүлгөн, ансыз деле дээрлик ар ким куралчан болгон бир өлкөдө мугалимдерди да куралдандыруу маселени кантип чечет? Окуучулардын бири-бирилерине жана мектепке кол салууларынын алдын алыш үчүн мугалимдерге дагы таасирдүү куралдарды беришеби? Мындай абалда окуучулар дагы таасирдүү куралга ээ болсо буга жооп иретинде мугалимдерге ядролук куралдар берилеби? АКШ эл аралык аренада айрым өлкөлөргө каршы куралдануу жарышын, өлкө ичинде мугалимдер жана окуучулар үчүн ойлоп жатабы? Муну түшүнүү кыйын го...

Эмне кылынышы керек?

Испан жазуучусу Ортега Гассет белгилеп кеткени сыяктуу материалдык цивилизацияга жетишүү чоң көйгөй болуп эсептелет. Өнүгүү өскөн сайын туш болгон коркунуч да өсөт. Мектеп жана жалпы кылмыштар талаш-тартыштарын эркиндиктер же куралдарга тыюу салынышы жагдайынан чыгарыш керек. Маселенин булардын тышында абдан башка факторлору бар. Айрым кылмыш мисалдарында кылмышкерлер эмне кыла турганын, кандай кыла турганын бардык деталдары менен социалдык медиа каражаттарында бөлүшүүдө. Ушул алкакта башкача анализдерге муктаждык бар. Ушул жагынан алганда америкалык жазуучу Адам Ланкфорддун түшүндүрүүсү баалуу. Ланкфорд, массалык кылмыштарды Американын курал маданияты жана окуучуларга адаттан тышкары болгондору, эмнени кааласа жете ала тургандары тууралуу үйрөтүүлөрдүн эмделүүсүнө таяндырат. Өзгөчө бир үй-бүлөнүн ичинде өспөгөн, көрөр-багары жок, боштуктун ичиндеги жаштар заманбап маданияттын үгүттөөчүлүгүнүн ичинде өздөрүн ушундай түрдөгү далилдөө аракеттерине кире алышат.

Көп сандаган өлкөнүн террордон же башка бир өлкө менен согушуусунан дагы көп өлүм менен жыйынтыкталган АКШдагы массалык кыргын салуулар бир гана куралсыздануу же конституциялык эркиндиктердин алкагында талкууланышы туура эмес. АКШдагы массалык кылмыштарды түшүндүрүш үчүн социологиялык, психологиялык, педагогикалык, паталогиялык, илимий, маданий, цивилизациялык перспективалардан да анализдөөгө муктаждык бар. Бул анализдерге материалдык өнүгүүгө жетишкен коомчулукту тизгиндей турган руханий муктаждык да сөзсүз кошулушу керек. Эл аралык аренада барган сайын агрессивдүү абалга айланган өлкөнүн адамдарынын өлкө ичинде дагы аз мыйзамдуулукка муктаж болушу да турган иш. Иликтениши керек болгон башка бир элемент, Америка коомчулугунун дүйнө жүзүнүн калганы менен салыштырып болбогудай  түрдө эмне үчүн мынчалык куралданууга муктаждыгы болгону? Бул абалдын терең индивидуалдык жана коомдук коопсуздук кризисинин чагылышы болуп болбогону?

Америкадагы жүрүштөр максатына жетишин тилейбиз. Анткени жашоо укугу бардык нерседен баалуу болуп саналат.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.

 



Тектеш кабарлар