Күрттөр Исламдын эмнеси болот?

Глобалдык перспектива-14

Күрттөр Исламдын эмнеси болот?

Күрттөр Исламдын эмнеси болот?

Абрахам Линколн: «Ар кимди кээде, айрымдарын ар дайым, ал эми ар кимди ар дайым алдай албайсың»,дейт. Түшүнүк жаратуу операциясы менен да белгилүү бир жерге чейин бара аласың. Ал эми ачыкка чыгуу чындыктын тагдыры болуп эсептелет. Батыш медиасы ПКК/ПЙД террор уюмун кудум эле эркиндик согушчулары катары таанытууда. Аларга караганда бул уюм бардык күрттөрдү өкүлдүк кылат. Бул уюмга каршы күрөшүү күрттөргө каршы күрөшүү, бул уюмга колдоо көрсөтүү да күрттөргө колдоо көрсөтүү сыяктуу жакталууда. Түркиянын Африн кыймылы да күрттөргө каршы кыймыл сыяктуу көрсөтүлүүдө. Бул тилди тилекке каршы Ал-Жазира сыяктуу телеканалдар да колдонууда.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Күрттөргө этникалык тазалоону жүргүзгөн күрт террордук уюмдары

Чындыгында ПКК эң чоң жамандыкты күрттөргө кылды жана кылууда. Түркиянын ПКК террорунун айынан ажырап калган 40 миңдей кишисинин көбү да күрттөрдөн турат. ПКК, Марксист/Ленинист идеологиясын жана террордук башкарууну жактабаган күрттөргө карай этникалык тазалоо аракетин баштаган. Ушул себептен Түркиянын чыгыш жана түштүк чыгышынан миллиондогон адам Түркиянын батыш жагына, өзгөчө Стамбулга көчкөн. Бул көчүүлөр менен Стамбул Түркияда күрт тектүүлөр эң көп жашаган шаарга айланган. ПКК террорунан качкан адамдардын Ирак жана Сириядагы күрт аймактарына эмей эле, түрктөр дагы жыш жашаган Түркиянын ички аймактарына көчүүлөрү абдан маанилүү.

Бүгүнкү күндө ошондой эле тазалоону ПККнын уландысы болгон ПЙД террордук уюму Сирияда кылып жатат. АКШнын колдоосу менен Түркиянын чек арасында Жер Ортолук деңизге дейре террор тилкесин түзүүнү каалаган ПЙД, өтмүштө ПККнын кылганы сыяктуу күрттөрдөн баштап өзүнө колдоо көрсөтпөгөн арабдарды, түркмөндөрдү жерлеринен сүрүп чыгарууда. Ушул себептен жүз миңдеген күрт Түркияга баш калкалашкан. ДЕАШтан качкандар менен кошо бүгүнкү күндө миллиондогон сириялык Түркияда жашап жатат.

Албетте күрттөрдүн арасында бул террордук уюмдарга колдоо көрсөткөндөр жок эмес. Бирок ушундай колдоону көрсөтүп ПККны күрттөрдүн өкүлү сыяктуу көрсөтүү, Гитлерди  бардык немистердин, Муссолинини да бардык итальяндардын өкүлү сыяктуу көрсөтүү менен барабар.

Батыш медиасында көп суралган «Эмне үчүн күрттөрдүн да бир улут-мамлекети болбосун?» деген суроого күрт жаштарында белгилүү өлчөмдө жооп табышууда. Ал эми бул суроону сурагандар мына бул суроону сурашпайт; Эмне үчүн 50 штаттан турган АКШдагы ар башка уруулардын өзүнчө бир мамлекети жок? Анын үстүнө Жакынкы Чыгыштагы бардык жикчил кыймылдарды колдоого алган батыштык өлкөлөр эмне үчүн Каталониянын көз карандысыздык кыймылын колдошпойт? Тескерисинче Германия, эч бир террордук кыймылга аралашпаган каталан көз карандысыздык лидери Карлос Пуждемонттукармады? Маселе негизинен ар бир улуттун бир мамлекети болушу эмес, майдала-бөл-башкар саясаты болуп жатат. Эдмунд Бёрк абдан башкача түрдө француз төңкөрүшүн сынга алып жатканда белгилегени сыяктуу апыртылган терминдердин кимге кызмат кылганы болуп саналат.

Маселе ар бир улуттун ал эмес андан да маанилүүсү ар бир бейликтин/эмирликтин/шаардын бир мамлекети болушу маселеси болуп жатса, мындай абалды биздин аймагыбыз мындан мурда көп жолу башынан өткөрдү. Кресттүү жортуулдар убагында Жакынкы Чыгышта көп сандаган бейлик, эмирлик, шаар мамлекеттери бар болчу. Ал эмес Анадолу да түрк бейлеринин арасында бөлүшүлгөн. Түрктөр, күрттөр, арабдар өз араларында көп сандаган майда бөлүкчөлөргө ажыраган. Натыйжада эмне болду? Бул бөлүнүүчүлүктүн ичинде дээрлик басылып алынбаган бир дагы ислам жергеси калган жок. Кандай себеп менен болсо болсун, бөлүнүп жарылуу бир жолу башталса мунун кайдан бүтө турганы бөлгөндөрдүн эрки менен башкарылат. Жүз жыл мурда көпчүлүгү колдобогонуна карабастан ошол эле Батыштын таасири менен арабдардын бир бөлүгү ушундай жолго түшкөн. Эми болсо 23 араб мамлекети бар. Ирак, Сирия жана айрым Перс булуңундагы монархиялардын дагы көп бөлүкчөгө бөлүнүшү боюнча пландар сүйлөшүлүп жатат. Бул абалы менен Жакынкы Чыгыш калктары тарыхынын эң күчсүз, эң көп башкарылган мезгилдеринен бирин башынан өткөрүүдө. Болуп жаткандар эң эле кайгылуу абалы менен ортодо турганда күрттөр менен кошо Жакынкы Чыгыш элдери дагы көп бөлүнүүнү эмес, биригүүнү, бүтүндөшүүнү, бөлүшүүнү сүйлөшүүсү зарыл.

Лайцист күрттөр жакшы күрттөрбү?

Батыш медиасында ПКК террор уюмунун лайцист террордук уюм болушу айрыкча мактоого/кызматка/колдоого татыктуу көрсөтүлүүдө. Ислам жана террор дагы көп байланыштырылып жатканда, лайцисттештирилген күрттөр кутулуунун жолу сыяктуу көрсөтүлүүдө. Бул абал да жасалма, түшүнүк жаратуу операциясынан башка нерсе эмес. Анткени адамзат туш болгон мурда кездешилбеген өлүмдөр, зулумдуктар болгон эң чоң апаат Биринчи жана Экинчи Дүйнөлүк согушта болсо, экөө тең көбүнчө лайцисттик өлкөлөр же лайцист идеологиялардын ортосундагы согуш болуп саналат. Негизинен лайцист же эмес, империализмдин идеологиясы болбойт. Эзүүчүлүк эзүүчүлүк болуп эсептелет. Ушул себептен Батыштык өлкөлөрдүн ПККны колдоосу бул террордук уюмдун лайцист болушунан эмес, өздөрү үчүн колдонууга дагы ылайыктуу болгонунан келип чыгууда. Айрыкча коомдук маданий, диний баалуулуктардан ажыраган, ичинен чыккан коомчулукка чоочундашкан лайцист же эмес ар түрдүү уюм же мамлекет дагы көп империалист өлкөлөргө таянууга аргасыз.

Ушул апыртуулардын бардыгы эмне үчүн жасалып жатат?

«Тарыхтан сабак алынбаса кайталанат» дешет. Бүгүн эртеңкинин, кечээки күн да бүгүнкүнүн күзгүсү болуп саналат. Тарыхты караганыбызда Жакынкы Чыгыштын үч куруучу элементи болгон күрттөр, арабдар жана түрктөр бириге алышкан өлчөмдө тынчтыкка жетишишкен жана глобалдык актер боло алышкан. Бөлүнүшкөн көлөмдө көз жашы, өлүм жана зулумдуктарга дуушар болушуп, глобалдык шер борборлорунун оюнчугуна айланышкан. Араб, күрт, түрк биримдиги тарыхта аймагыбызга багытталган кресттүү жортуулдарды ошол абалы менен токтото алышкан. Бул биримдик менен басып алуу астындагы Кудус, күрт командир Селахаддин Эйүби тарабынан куткарылып, аймактык ырааттуулук камсыздалган. Эми болсо Батыштагы айрым борборлор ар дайым кылгандарын дагы бир жолу кылууну сынап жатышат. Кылымдар бою чогуу жашаган жана Исламдын байрагын көтөргөн, Жакынкы Чыгыштын үч куруучу элементинен бирин өз тарабына тартууга аракет кылууда. Бул максат менен күрттөр империалист кол салуулардын жергиликтүү округу абалына айландырылууга аракет кылынууда. Кресттүү жортуулдары убагында бул ролду аймактагы христиандар жана армяндардын бир бөлүгү милдеттенген. Эми Израиль аймакты ыраатсыздаштыруу үчүн ошондой эле ролду ойноп жатат. Бирок алгач ирет мусулман коомчулук, заманбап империалисттик кол салуулардын айрым өлкөлөрдөгү нео-кресттүү агымдардын жергиликтүү кошоматчысына айландырылгысы келүүдө. Бул максат менен күрттөрдүн Марксист/Ленинист уюмду ээрчүүсү талап кылынууда. Ошондуктан ДЕАШка каршы согушуп жатканы алдыга чыгарылып сыймыктандырылууда. А бирок негизги максат мусулман мааласында үлүл сата турган коомчулукту жаратуу...

Ондогон бурмалоолор, түшүнүк жаратуу операцияларына карабастан күрттөрдүн көпчүлүгү бул оюндарга алданбай, жасалгандарга каршы турушту. Түрк, күрт, арабдардан турган аймактын адамдарынын миң жылдык эрктүүлүгү кайрадан жеңишке жетишип, аймагыбыздын балдары, империалист, нео-кресттүү жортуулдар үчүн субподрядчик болбойт.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар