Сирияда кандай конституция болот?

Глобалдык перспектива-15

Сирияда кандай конституция болот?

Сирияда кандай конституция болот?

Согуштардын токтобой жатышынын себептеринен бири согуштан кийинкиси боюнча макулдаша албоо болуп саналат. Согуштан кийинкисине дагы көп токтолуу согуштарды соңуна чыгара турган маанилүү жолдордон бири болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө медиада Орусиянын Сирия үчүн конституциялык долбоор даярдаганы, бул долбоордун америкалыктар менен сүйлөшүлүп жатканы тууралуу маалыматтар орун алууда. Сириянын келечеги көрүнүп тургандай бири-бирине каршы жалгыз ушул эки күч менен белгилениши, аймак өлкөлөрүнүн жана адамдарынын кызыкчылыгы үчүн болбойт. Глобалдык актерлордун кызыкчылыктары боюнча, өздөрүнө дагы көп күрөшүү укугу бериле турган конституция менен аймагыбызга ырааттуулук келе алабы? Ушул себептен аймак өлкөлөрүнүн, ой-пикир мекемелеринин, интеллектуалдардын согушту талдаганы сыяктуу андан кийинкисин да кеңири талдоолору керек.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Ичинде орун алган коомчулуктун тарыхына, маданиятына, ишеничине, баалуулуктарына жана жашап өткөндөрүнө көз карандысыз түрдө даярдалган конституциянын ал коомчулукка тынчтык алып келе турганын ойлоонун да кажети жок. Маселелерди чече албайт. Бул жагынан алып караганда Сирия үчүн сунушталган негизги конституциялык принциптери, буга окшогон коомчулуктар үчүн да жарактуу боло турган принциптер болуп саналат.

Башкарылса боло турган өлкө долбоору же көпчүлүктүн бийлигин камсыздай турган конституция: Жакынкы Чыгыштагы режимдерди карасак, бул режимдердин эң чоң маселеси, көбүнчө улутуна таянбоосу, улутунан күч албоосу болуп саналат. Өз улутуна таянбаган жана андан күч албаган режимдер ордунда туруусун уланта алышы үчүн өз калктарына каршы, ичкериде дагы көп аскердик жана полициялык элементтерге, тышкарыда болсо дагы көп глобалдык күчтөргө муктаж болушат. Ушул себептен бир конституция улутунан күч алган жана ушул алкакта көпчүлүктүн бийлигин камсыздаган конституция болушу керек. Бир коомчулук, көпчүлүктүн эркин жойбогон конституция менен гана мамлекетин жана мекемелерин коргой алат. Бир өлкө жалгыз ушундай жол менен ичкериде жана тышкарыда күчтүү боло алат.

Башкаруучуларды алмаштыра алуусу үчүн бийлик мөөнөтү чектелген конституция; Жакынкы Чыгыш режимдерин жана ошондой эле өлкөлөрүн күчтөн тайдырган элементтерден бири башкаруучуларынын мыйзамдуу түрдө алмашыла албоосу. Бийликке келген лидерлердин, падышалардын, эмирлердин өмүр бою бийликте тура берүүлөрү болуп саналат. Бул абал мындай түрдөгү өлкөлөрдөгү бир топ маселенин булагы болуп саналат. Эң оболу бул абалда бийликтегилер коомдук мыйзамдуулуктарын жоготушууда. Режимдер өз коомчулуктарынан күч албагандары үчүн дагы көп тышкы колдоо менен бутунда тура алышууда. Өлкөсүндө бийликти алмаштыргысы келген  оппозициячылдар да бул абал мыйзамдуу болуп көрүнбөгөнү үчүн бийлик мөөнөтү сөзсүз чектелиши керек.  Эки мезгил менен чектелген, максимум он жылдык бийлик процесси Жакынкы Чыгыштагы эркиндик, коомдук тынчтык, тышкы күчтөргө эмес, улутка таянуу сыяктуу көп сандаган маселени чечет.

Айырмачылыктар корголгон, плюралист конституция: Конституция бир өлкөдө көпчүлүктүн бийлигин камсыздап жатканда  азчылыктагы көз караштардын, ишеничтердин, ой-пикирлердин сөзсүз түрдө корголгон конституция болушу керек. Негизги эл жана эркиндиктер азчылык-көпчүлүк маселеси боло албайт.

Унитардык мамлекетке таянган конституция; Сирияда автономиялык түзүлүш, ырааттуулукту алып келбейт. Ирак жана Испания бул абалдын так мисалы болуп саналат. Автономиялуу аймактарга бөлүнгөн Сирияда, бир тараптан бул аймактар дагы көп автономия алуу аракетин кылат, экинчи тараптан тышкы күчтөр ушул себептен тынымсыз ал өлкөдөгү маселелерге кийлигишет. Автономиялык түзүлүш өлкө ичиндеги ар башка катмарлардын арасындагы ар башка ишенбөөчүлүктөрдү да тынымсыз күүлөй тургандыктан ички тынчтык жана ынтымакка салым кошпойт. Согушту токтото турган болсо автономиялуу түзүлүш да албетте баалуу болуп саналат. Ал эми туруктуу тынчтыкты камсыздоо, айырмачылыктар корголгон, негизги укук жана эркиндиктер кепилдикке алынган жергиликтүү башкаруучулар күчтөндүрүлгөн унитардык түзүм менен дагы көп мүмкүн болот.

Өкүлдүктө адилеттик, башкарууда ырааттуулук, аткарууда бир бутак бийлигин камсыздаган конституция; Конституция, бир тараптан коомдогу ар башка көз караштардын парламентке чагылуусун камсыздап жатса, ошол эле убакта башкарыла алган өлкө үчүн жетиштүү түрдө күчтүү бийликти да мүмкүн кылууда. Сирияда президенттик же парламенттик система болушу мүмкүн. Парламенттик система болсо Президенттин ыйгарым укуктары чектелген жана өкүлдүк кылуучу деңгээлинде болуш керек. Премьер-министр жана президент экөө тең күчтүү болгон системада, өлкө башкарылгыс абалга айланат. Мындай учурда тышкы актерлор, тараптарды бири-бирине каршы колдоно алышат, өлкө бийликтерине дагы көп кийлигише алышат.

Коомдук баалуулуктарга таянган констиуция; Жакынкы Чыгыштагы эң маанилүү коомдук баалуулук дин болуп саналат. Дин-мамлекет карым-катнаштарынын белгиленишин ишке ашырууга көз карандысыз түрдө өзү жалгыз терминдер бизге чечүүчү жол алып келбеши мүмкүн. Лайцист батыштык өлкөлөрдүн Биринчи жана Экинчи Дүйнөлүк согуштарында адамзат үчүн алып келген кыйынчылыктар, лайцист катары каралган Саддам жана Каддафи бийликтери жана шариат менен башкарылганы айтымдары болгон айрым араб өлкөлөрүнүн диктаторлору ортодо белгилүү.  Бул темада ар бир өлкөнүн дин-мамлекет карым-катнаштарына өзүнүн тарыхый тажрыйбаларына жараша чечим чыгаруусу эң туура болуп саналат. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн алып карасак Ислам тарыхы жана Осмон ишке ашыруусу эркиндикчил жана плюралист дин мамлекети карым-катнаштары үчүн ашыгы менен тажрыйба сунду. Сирия жагынан жаңылыш болгон кандай аныкталса аныкталсын, диний баалуулуктарды көрмөксөнгө салган, ал эмес динге каршы жазылган конституция болуп саналат. Ушундай конституция менен мамлекет коомчулуктагы мыйзамдуулугун жана урмат-сыйын жоготот. Мындай учурда кайра эле улутунан күч албаган башкарууга туш болот. Жакынкы Чыгыш режимдеринин бүгүнкү абалына кайра кайтылган болот. Конституция диндин жорумдалышында да плюрализмге мүмкүнчүлүк таанышы керек. Иран жана Сауд Арабияда болгону сыяктуу жалгыз диний жорумга таянбашы керек.

Коллективдүү өздүктөр эмес, жеке адамдарга негизделген конституция; Жакынкы Чыгыш, ар башка диндер, уруулар, агымдар, идеологиялар жыш орун алган аймак. Ушундай аймакта конституциянын коллективдүү өздүктөргө негизделип даярдалышы, Босния-Герцеговина мисалында кездешилгени сыяктуу конституциялык системаны иштегис абалга алып келет. Конституцияны туруктуу коллективдүү өздүктөр аркылуу даярдоо жашоону тизгиндей турган мамиле болот. Ушул себептен конституция жеке кишини негиз кылып алышы керек. Жеке кишилер албетте коллективдүү өздүктөрүнүн талаптары багытында ар түрдүү уюмдашууну жана иштерди жасай алат.

Эч бир согуш түбөлүккө чейин уланбайт. Согуш убагында канчалык күчтүү болсо болсун, согуштан кийин жаңылыш курула турган Сирия, аймагыбызда ыраатсыздыкты туруктуу кылат. Ушул себептен согуштан кийин тынчтыгы, ынтымагы, ырааттуулугу камсыздалган Сирия жана аймагыбыз үчүн конституция менен кошо, эмитеден көп багыттуу иштер аткарылышы зарыл. Андай болбосо согуштан кийин жеңгендер кайра эле глобалдык актерлор болушат!

Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар